Башкы прокуратура К.Ташиевге каршы кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевге карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кылмыш иши Кылмыш кодексинин 299-беренесине ылайык, аймактар аралык касташууну көкүткөн деген негизде козголууда. Кылмыш иши “Ата Журт” партиясынын жетекчилеринин бири К.Ташиевдин өлкө түштүгүн кыдыруу маалында сүйлөгөн сөздөрүнүн негизинде козголду. К.Ташиевдин түндүк-түштүк маселесин козгогон жана мурдагы президент Курманбек Бакиевди алып келе турганы тууралуу үнү бугай чейин интернетке жайгашып кеткен эле. “Ата Журт” партиясы муну карандай калп, жөн эле каралоо деп чыккан. Интернет желесинде бүгүн анын ошол эле сөздөрдү айткан видеосу да чыгып кетти.

Натыйжада 7-апрелде каза болгондордун жакындары Бишкекте нааразычылык акциясын өткөрүшүп, кийинчерээк “Ата Журт” партиясынын кеңсесине кирип барып, айрым документтерин, үгүт кагаздарын өрттөп жиберишти. Окуя болгон жерге барган милиция кырдаалды көзөмөлгө алды. (IJz)