Иран оппозициясы: президентин ишин эл бааласын

Ирандын оппозиция жол башчысы президент Махмуд Ахмединежаддын тышкы саясаты өлкөгө зыян алып келип жаткандыгын белгилеп, «анын ишмердүүлүгүнө референдумда баа берилүүгө тийиш» деди. Мир Хоссейн Мусави өз сайтында президенттин дүйнөлүк сахнадагы иш-аракети, анын ичинде өткөн айда Бириккен Улуттардын баш жыйынындагы билдирүүсү, Ирандын обочолонуусун тереңдетип, экономикага залал келтиргенин жазды. Иран президенти БУУда АКШдагы 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулду сырт күчтөрдүн уюштурганынан күмөн саноо билдирген эле. Реформачы саясатчы Мусави өткөн жылдагы президенттик шайлоодо Ахмединежадга атаандаш болуп, утулуп калган. Шайлоодогу эреже бузууларга байланыштуу толкундоолор бир нече жумага созулуп, күч менен басылган.