Кытайдын Шинжаң –уйгур автоном районунун аймагында курулуп жаткан суу сактагыч Балкаш көлүнүн экологиясын бузарын бүгүн Казакстандын айлана –чөйрөнү коргоо министринин орун басары Элдан Садвакасов билдирди. Анткени суу сактагычтан улам Иртыш дарыясынын Казакстанды көздөй агымы азаят жана Балкаш көлүндөгү суунун көлөмү төмөндөйт. Садвакасов белгилегендей, климаттагы өзгөрүүлөр жана коңшу өлкөлөрдүн гидроэнергетикалык долбоорлору акыркы 40 жылда Казакстандагы суунун көлөмүн 40%га азайтты.