Ингушетияда беш жылда 400дөн ашык тартип коргоочу өлтүрүлгөн

Бул тууралуу Орусиянын Кавказ аймагындагы жумуриятынын жетекчиси Юнус-бек Евкуров кечээки жолугушууда билдирди. Евкуров өзү былтыр жанкечтинин чабуулунда оор жараат алган. Ингушетияда козголоңчулар адатта тартип коргоочуларды, аскерлерди жана Москва колдогон жергиликтүү кызматкерлерди бутага алышат.