Ысык-Көлдө эл аралык ынтымакка арналган жыйын болот

Президенттик басма сөз кызматынын маалыматы боюнча “Эл аралык диалог, толеранттуулук” деп аталган конференцияга Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давудоглу баштаган 30 кишиден турган делегация келет. Жыйында президент Роза Отунбаева сөз сүйлөшү күтүлүүдө. 2-октябрда боло турган иш чара июнь окуясын талкуулоого багытталат, ага дин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, аксакалдар, июнь коогалаңында жабыркаган тараптар да чакырылган. Президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаровдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча жыйын Түркиянын демилгеси менен өткөрүлүүдө.(ZKo)