Клинтон сенатты START келишимин колдоого чакырды

Стратегиялык куралдарды чектөө боюнча АКШ менен Россия ортосунда түзүлгөн келишимде эки тараптын ядролук арсеналдарын үч эсе кыскартуу каралган. Айрым республикачыл сенаторлор муну АКШнын улуттук коопсуздугуна зыян келтириши ыктымал деп эсептешет. Буга байланыштуу мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон келишимди бүткүл командачылык, аскерий бардык жетекчилер, чалгындоо мекемелери, мурдагы мамлекеттик катчылар, коргоо министрлери колдоп жатканын айтып, сенатты быйыл жыл этегине чейин документти ратификациядан өткөрүүгө чакырды.