"Дийдор" гезитинин баш редактору үй камагына чыгарылды

Жалал-Абад шаар соту "Дийдор" гезитинин башкы редактору Улукбек Абдусаламовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысына билдирген айыпталуучунун жактоочусу Бектурсун Калмановдун айтымында, тергөө абагында Абдусаламовдун саламаттыгы кескин начарлап, муну дарыгерлер да тастыкташкан. 17-сентябрда болсо ал инсульт алган. Ушундан улам жактоочу сотко анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылып, сот аны канааттандырды. Учурда айыпталуучу ооруканада.

Жалал-Абаддагы өзбек тилдүү "Дийдор" гезитинин башкы редактору У. Абдусаламов июнь окуяларына катыштыгы бар деп айыпталууда.