Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин миграция бөлүмүнүн башчысы Адилет Бейшеналиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Казакстанда иштеп жаткан кыргызстандыктардын балдарын мектепке киргизүү маселеси дале болсо чечилбей, Алматыда эле кеминде 400гө жакын окуучу мектепке барбай калды. Бул маселе боюнча президент Роза Отунбаеванын атынан Казакстандын президентине кат жөнөтүлүп, Тышкы иштер министрлиги Казакстан тарапка нота жиберген. Бирок эч кандай жооп келе элек.
Бул жылы Казакстан тарап мигранттардын балдарын мектепке алуу үчүн эки талап койгон. Ага ылайык мигранттар же Казакстандын жарандыгын алышы керек, же жашаган жеринен күбөлөндүрмө алып келиши керек эле. (KKs)