Ооганстанда британиялык жаранды уурдап кетишти

Британиянын тышкы иштер министрлиги билдиргенине караганда, аял гуманитардык уюмдардын биринде иштечү. Жекшембиде өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Кунар вилоятында белгисиз бирөөлөр аны үч ооган жараны менен кошо ала качып кетишкен. Кунардын полициясы куралчан адамдар менен атышып кетишкенин, бирок баары бир алар качып кеткенге үлгүрүшкөнүн кабарлады.