Бишкекте “Жыл мугалими - 2010” республикалык сынагы өтөт

28-сентябрга баштала турган бул республикалык сынак “Жыл мугалими”, “Мыкты мектеп” жана “Мыкты бала бакча” аттуу аталыштар боюнча өткөрүлүп, ага Кыргызстандын жети облусунан, Ош жана Бишкек шаарларынан сынактардан жеңип келген алдыңкы мугалимдер катышат. Мугалимдер өз предмети боюнча ачык сабак өтүп, усулдук чеберчилигин көрсөтүшөт. Калыстар тобу ошондой эле алардын билим деңгээлин да сынап көрмөкчү. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтары боюнча мугалимдердин сынагын өткөрүү үчүн мамлекеттик казынадан бир жарым миллион сом каралган. (KKs)