Былтыр “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынышынын 20 жылдыгына байланыштуу салтанаттуу жыйын болуп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир катар маселелер көтөрүлгөн.
Ошондой эле өткөн жылы Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүн кошумча басуу үчүн президенттик фонддон 800 миң сом бөлүнүп, орфографиялык сөздүктүн 26 жылдан кийинки алгачкы китеби май айында 5 миң нуска менен чыгып, бекер таратылган.
Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алып, анда кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. (AJ)