Швецария өкмөтүндө аялдар көпчүлүктү түзүп калды

Мыйзам чыгаруу палатасынын социал-демократ мүчөсү Симонетта Соммаруга өкмөткө бүгүн парламентте төртүнчү айлампада шайланды. Дагы бир бош орундун ээси бүгүн тандалат, бирок Соммаруганын жеңиши менен Швецариянын өкмөтүндөгү жети министрликтин төртөө аялдарга өттү. Швецарияда 1971-жылдагы жалпы улуттук референдумда эркектер аялдарга добуш берүү укугун ыйгарууга макул болушкан, бирок өлкөнүн Аппензелл Иннер-Родест деген дубанында аялдар 1990-жылга чейин добуш берүү укугуна ээ болгон эмес.