Нарын облустук администрациясынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Айсалкын Карасартованын “Азаттыкка” билидиршинче, Ат-Башы районунда буудай жана арпа себилген жалпы 2500 гектар аянт кар алдында калды. Нарын районунда оруп-жыйноо аяктап, чабууга даяр боло элек 1471 гектар эгин талаасын кар баскан. Мындан сырткары Ак-Талаа районунун да айрым аймактарын кар басып, облус боюнча кеминде 3900 гектарга жакын эгин кардын каарына туш болду. Айылдарда картөшкөлөр дээрлик казылган эмес. (КЕ)