Нарын муздрама театрынын артисттери сыйлыкка татыктуу болушту

Бишкекке чыгармачылык иш сапары менен келген М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры Кыргыз эл акыны, белгилүү драматург Жалил Садыковдун “Мен арызданам” аттуу трагикомедиясын Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын сахнасында көрүүчүлөргө тартуулашууда. Кечээ Маданият жана маалымат министри Садык Шер Нияз аталган спектаклде башкы каармандын ролун аткарган артист Жумабек Мадемиловго М.Рыскулов атындагы сыйлыкты, режиссер Аманбек Жапаровго Жалил Абдыкадыров атындагы сыйлыкты, актриса Жыпар Дүйшөмбиевага Маданият министрлигинин Ардак грамотасын, артист Канат Мамыркановго "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин тапшырып, жаңы спектакль койгонго 50 миң сом бөлдү. Бүгүн да Теңир-Тоодон келишкен театрдын чыгармачылык жамааты “Мен арызданам” спектаклин орус драма театрында бишкектиктерге тартуулайт. (AJ)