Нарын шаар мэри кызматына бекитилди

Президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен 10-сентябрда Нарын шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан шайланган Нарын шаарынын мэри Жээналиев Баатырбек ырасмий түрдө кызматына бекитилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. (IJz)