Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар калың түшкөн Нарын облусуна бир тик учак жөнөттү. Тик учак менен бир катар куткаруучулар жана догдурлар кар калың түшкөн жайлоолордогу адамдарды куткаруу иштерин жүргүзүшмөкчү.
Нарын, Ат-Башы райондорунун айрым жерлеринде кардын калыңдыгы 80 сантиметрге чейин жетүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет. (IJz)