Шайлоо күнү ЕККУнун 300 байкоочусу аракетте болот

Бул тууралуу бүгүн Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков менен ЕККУнун шайлоону көзөмөлдөө боюнча өкүлдөрү Лене Шаке жана Карл Блумберг менен жолугушуу учурунда белгилүү болду. Ушул тапта Кыргызстанда ЕККУнун 22 узак мөөнөттүү байкоочусу менен 17 адиси шайлоого байланыштуу иштерге байкоо салып жүрүшөт.

Лене Шакенин айтымында, шайлоо күнү Кыргызстанда ЕККУнун 300 байкоочусу иштейт. Алардын ичинен элүүсү Ош облусундагы шайлоого байкоо жүргүзөт. Ал эми шайлоо күнүнүн эртесинде ЕККУ алдын-ала отчетун жарыялайт. (IJz)