Өзгөн районунун акими Алишер Бакышевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, Өзгөн шаарына караштуу Таштак конушунун бир тургунунда курал-жарактын бир канча түрү бар экени тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам милициянын атайын даярдыктагы тобу аталган конушка барганда өзбек тектүү жергиликтүү тургундардын үч жүз чактысы чогулуп, “милиция бизге каршы күч колдонуп атат” деп ызы-чуу салган. Натыйжада милиция кызматкерлери аларды тынчтандыруу үчүн эскертүү иретинде асманга ок атууга аргасыз болушкан. Бул окуя бүгүн кечки саат беш-алтылар чамасында болгон.
Өзгөн райондук милициясынын башчысы Бакыт Матмусаев да ушундай окуя болгонун “Азаттыкка” тастыктап, ызы-чуу түшкөн эки миңге чукул адам, райондук милиция имаратын көздөй басышканын кошумчалады. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алардын алдын тосуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң, мындан жарым сааттай мурда (21.30) чогулгандар тарап кетишкен. Райондук милиция башчысы ошондой эле бул операция Улуттук коопсуздук кызматынын аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөндүктөн анын натыйжасы боюнча эч нерсе айта албастыгын, анда кимдир бирөөлөр кармалган-кармалбаганы тууралуу да маалыматы жоктугун билдирди.
Ал эми жергиликтүү тургундар жана УКМК менен байланышууга азырынча мүмкүнчүлүк болгон жок. Бул тууралуу “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Алишер Токсонбаев кабарлады.(SM)