5-сентябрдан бери Чолпон-Ата шаарында Шаңхай кызматташтык уюмунун алкагында спорттун он беш түрү боюнча онунчу эл аралык Ысык-Көл оюндары өтүүдө. Мөрөй талашууга Казакстан, Орусия жана Кыргызстандын бардык аймактарынан спорт командалары катышууда. Мындан он жыл мурда эл достугуна данакер болсун деген тилек менен уюшулган Ысык-Көл оюндары алгачкы ирээт “Жыйырма биринчи кылым – улут ден соолугунун кылымы” деген ураан менен башталган эле. (ES)