Айт маарек болсун!

Бишкектин эски аянтында бүгүн саат 08:30да айт намазы окулду.

Айт намазына президенттин администрация башчысы Эмил Каптагаев, Ирандын элчиси Манучехр Моради да келип, жалпы мусулмандарга тилектерин билдиришти.

Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы Эски аянтта таңкы саат сегизге белгиленген айт намазына кеминде 50 миңден ашуун киши катышты.

Ошол эле учурда динаятчылардын баамында намазга 70-80 миңдей шаар тургундары катышты.

Орозо айт майрамына байланыштуу Кыргызстанда 10-сентябрь дем алыш күн деп жарыяланган.