Баскетбол: Сербия Испанияны дүйнөлүк чемпионаттан сүрүп салды

Түркиядагы дүйнөлүк мелдеште Милош Теодорик кечээ оюн бүтөрүнө 3 көз ирмем калганда чечүүчү топ киргизди. Эми Сербия ушул ишембидеги жарым финалда Түркия менен беттешет. Сербдер былтыркы европалык таймашта испандардан утулуп калган эле. Анын аралыгында Түркия Словенияны утту. Бүгүн АКШ Орусия менен, Литва Аргентина менен беттешүүдө.