Тарса динаятчысы АКШны элчиликтерин коргоону чыңдоого мажбурлады

АКШдагы евангелисттик чиркөөлөрдүн биринин пастору Терри Жонс 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдун тогуз жылдыгында Куранды өрттөө ниетинен баш тартпасын билдирди. Флоридалык динаятчынын планын АКШ өкмөтү жана аскерий жетекчилиги биринчилерден болуп сындашкан. Ватикан да тарса динаятчынын аракетин сындады. Пастордун 11-сентябрда Куранды өрттөө демилгесине байланыштуу АКШ дүйнө өлкөлөрүндөгү элчиликтерин күзөтүүнү чыңдоону буйруду.

Мамкатчы Хиллари Клинтон Куранды өрттө демилегсин “татыксыз, өкүнүчтүү иш” деп атады. Ватикандын өкүлү Федерико Ломбарди 8-сентябрда Ройтерс агенттигине берген интервьюда:”Биз 11-сентябрдагы чабуул болгон күнү “Куранды өрттөө күнүн” өткөрүү демилгесине өтө тынчсызданганыбызды билдиребиз, - деди.

Терри Жонс билдиргенге караганда, анын планын нааразыларга катар колдогондор да болууда.