“Тынч чогулуу жөнүндө” деп аталган мыйзам долбооруна ылайык, күч колдонбой, куралсыз, адам укуктарына каршы келбеген бардык жыйындар тынч чогулуулар деп аталат. Мындай жыйындарды жаш курагына, жынысына карабай бардык адамдар каалаган мөөнөтүндө, каалаган жерде өткөрө алат. Ал эми тынчтык пикетин өткөрбөө чечимин сот гана чече алат жана ошол жай кооптуу деп эсептелсе, анда орду которулат. Митингге чыккандарды коопсуздугун милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик камсыз кылат.
Буга чейин тынч маанайдагы митинг-пикеттерди өткөрүү кыйынга туруп, ага сөзсүз түрдө жергиликтүү бийликтен уруксат алуу эрежелери киргизилген болчу. Ошондой эле мурда митингди каалаган жерде эмес, бир гана белгиленген жайда өткөрүүгө мүмкүн болгон. Бирок укук коргоочулар бул Баш мыйзамга жана эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин айтып келишкен. Даярдалган мыйзам долбоорго Венеция комиссиясы менен ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу жакшы баа берүүдө. Азыркы каралып жаткан мыйзам долбоордо бул жоболор алынып салынды. Эми бул жаңы дайындалган долбоор Жогорку Кеңешке сунушталат. (КЕ)