Франциядагы иш таштоого 1 миллиондон ашуун адам катышты

7-сентябрда Францияда болгон жалпы улуттук иш таштоого, ырасмий маалымат боюнча, 1 миллиондон ашуун адам катышты. Кесиптик союздар уюштурган акциянын катышуучулары өкмөттүн 2018-жылдан тартып, пенсияга чыгуу жашын 60тан 62ге жогорулатуу планына нааразылык билдиришти.


Иш таштоодон улам коомдук транспорт жана авиакаттамдар, ошондой эле мектептер иштеген жок. Франциянын Улуттук ассамблеясынын мүчөсү Тьерри Мариани 7-сентябрда парламентте сүйлөп: “Биз узак жылдардан бери өз пенсиябыз үчүн акча төлөп жүрөбүз. Биз чындап эле балдарыбыз менен неберелерибизге карыз калтырабызбы? Ар ким өзүнө жоопкерчилик алышы керек. Менимче, өкмөт бүгүн тайманбастыгын көрсөтүүдө,-деди.

Франция өкмөтү пенсия боюнча реформа зарыл, ансыз бюджеттик тартыштык менен күрөшүү мүмкүн эмес деп актанууда.