Парламенттик шайлоого ЕККУдан жалпы 322 байкоочу көз салат

ЕККУга мүчө болгон 31 мамлекеттен 17 адис, 22 узак мөөнөттөгү жана 300 кыска мөөнөттөгү байкоочу Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жүрүшүн байкоого алат. Бул туурасында ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйынында билдиришти. ЕККУнун шайлоону байкоо миссиясынын жетекчиси Корин Жонкер билдиргендей, уюмдун байкоочулары шайлоону эл аралык талаптарга ылайык баалап, шайлоо күнүнө чейин эки жолу жана шайлоонун эртеси күнү байкоолорунун болжолдуу жыйынтыктарын маалымдашат. ЕККУнун узак мөөнөттөгү 22 байкоочусу ушул жума күнү Кыргызстанга келет. (KKs)