Жеффри Гедмин президент Роза Отунбаева менен жолугушту

Бүгүн "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын президенти Жеффри Гедмин президент Роза Отубаева менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында президент Роза Отунбаева “Азаттык” үналгысына өз баасын берип, азыркы тапта калыс жана бейтарап маалыматтар коомчулукка зарыл болгонун, түштүктөгү жаңжалдан кийин абалды жөнгө салуу боюнча бардык аракеттер жасалып жаткандыгын билдирди. Президент Роза Отунбаева эки элди элдештирүүдө ислам дининин жардамы чоң болгонун, эл аралык уюмдардын жардамы менен эки улутту элдештирүү боюнча иш алып бара турган арачылар окутулуп жатканын белгиледи. Отунбаева өз сөзүндө айрыкча шайлоо маалында журналисттерди чагымдарга алдырбай маалымат берүүгө үндөп, түштүктөгү абал салыштырмалуу турукташканы менен Тажикстандагы жардыруулар кооптонууну жаратып жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде Жеффри Гедмин Кыргызстан бийлиги “Азаттык” үналгысынын берүүлөрүн эркин чыгарып жатканына ыраазычылыгын билдирип, түштүктөгү карама-каршылыктарды жөнгө салуу, араздашкан тараптарды элдештирүү максатында Бишкекте регионалдык борбор ачуу сунушун айтты.

"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын президенти Жеффри Гедмин иш сапарынын алкагында Кыргыз Улуттук университети жана Борбор Азиядагы Америка университетинин мугалимдер жамааты, студенттери менен жолугушууларды өткөрдү. (KKs)