Экономикалык кылмыш жасагандарга амнистия жарыяланат

Ушул тапта “Экономикалык кылмыш жасагандарга амнистия жарыялоо жөнүндө” деп аталган жарлыктын долбоору даярдалууда. Долбоор даярдалып, такталып бүткөн соң ага президент Роза Отунбаева кол коймокчу. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Президент Р.Отунбаеванын айтымында, аталган жарлык долбоору өлкө бюджетине мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда ар кыл даражадагы чиновниктер тоноп алышкан каражатты кайтаруу максатында жасалууда. Башкы прокуратура билдиргендей, ушул тапта 2005-жылдын 24-мартынан баштап, 2010-жылдын 7-апрелине чейин түрдүү мамлекеттик кызматтарда отуруп, мамлекеттин казынасына зыян келтиргендердин иштери толук иликтенип бүттү. Эми аларды сотко жиберүү гана керек.

Жарлыкка ылайык, мурдагы чиновниктердин мамлекетке канча зыян келтиргенин атайын түзүлгөн комиссия аныктап, аларга келтирилген зыянды төлөп берүү сунушталат. Айыпталган адамдар эгер келтирген зыяндарды төлөп берүүгө макулдугун беришсе, кылмыш жообуна тартылбайт. Бирок алар кийинки 5 жыл ичинде мамлекеттик кызматка жолотулбайт. Аталган жарлык 1-октябрга чейин гана иштей тургандыктан, айыпталгандар бул арада келтирилген зыянды кайтарар-кайтарбасын билдириши керек. (IJz)