Карзай НАТО күчтөрүнө нааразылык билдирди

Ооган бийликтери түндүктөгү Такар провинциясында эл аралык күчтөрдүн аба чабуулунан шайлоо өнөктүгүнүн 10 активисти курман болгонун билдиришти. НАТО жетекчилиги окуя иликтенип жатканын маалымдады.

Президент Хамид Карзай кандуу окуяга байланыштуу НАТОнун авиачабуулун жектеген билдирүү жасады. Билдирүү Карзай Ооганстанга келген АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс менен жолугуусун утурлай жасалды. Роберт Гейтс бүгүн Ооганстандагы НАТО күчтөрүнүн командачысы Дэвид Петреус менен де кездешет деп күтүлүүдө.

Р. Гейтс Кабылга Ирактан келди. Ал Багдадда АКШнын согуштук операцияларды бүткөрүүсүнө байланыштуу өткөн салтанатка катышкан.