HRW: А.Аскаровдун cоту адилет, коомчулукка ачык болсун

Хюман Райтс Уотч уюму кыргыз өкмөтү өзбек улутундагы укук коргоочу, учурда абакта отурган Азимжан Аскаровдун үстүнөн болгон сот жараянын адилет жана коомчулукка ачык болушун камсыздашы керек деген билдирүү таратты. Ошондой эле «кыргыз өкмөтү А.Аскаровдун укуктарын толук камсыз кылуу менен жеке керт башынын жана анын актоочусунун коопсуздугун камсыздоосу керек», деп айтылат билдирүүдө. А.Аскаровдун үстүнөн болгон сот жараяны бүгүн Базар-Коргондо башталаары кабарланган.

Укук коргоочу А.Аскаров 15-июнда Базар-Коргондогу тополоң учурунда кармалган. Ага “массалык башаламандыкты” уюштуруп, “улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козгогон” деген кине коюлуп, июнда курман болгон милиция кызматкеринин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталууда.

А.Аскаровду кыргыз милициясы кыйнап жатканы айтылып, Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайынан облустук бөлүмгө которулган. Милиция кызматкерлери жана акыйкатчы Турсунбек Акун ага карата кыйноолор болбогонун билдиришкен.