Нарын облусуна быйылкы окуу жылында 87 мугалим жетишпейт

Бул тууралуу маалыматты Нарын билим берүү округунун башчысы Касымбек Мамытов мугалимдердин август кеңешмесинде билдирди. Андан сырткары облустагы 138 мектеп окуу китеби менен 58% камсыз болсо, 36 мектеп бир да жолу ремонттон өткөн эмес. Быйылкы кыш мезгилине мектептерге 10 миң 825 тонна көмүр керек болсо учурда 493 тонна гана көмүр тарытылган. 2009-2010 окуу жылдарында мектепке ырасмий маалымат боюнча 9 бала тартылбай калганы айтылганы менен иш жүзүндө мындан да көп болушу ыктымал. К. Мамытов тартип бузуп милициянын көзөмөлүндө 243 окуучу турганын кошумчалады. (JI)