Н.Эген: Кыргыздын жүрөгүндөгү Манасты тарттым

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кинорежиссер Нурбек Эгендин “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу толук метраждуу даректүү тасмасы “Санжыра” кинокомпаниясы тарабынан чыгарылды. Автор фильмде мекен идеясын көтөрүп, бүдөмүк абалдан чарчаган кыргыз калкынын нагыз жол башчысын, Манастын кайра жаралышын күткөнүн сүрөттөйт. Тасманын бет ачары 30-августта “Ала-Тоо” кинотеатрында болот.