“Санжыра” кинокомпаниясы чыгарган “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу толук метраждуу даректүү тасманы тартуу идеясы эки жыл мурун жаралган. Режиссер Нурбек Эген азыркы заман жана адамдар тууралуу ой-жүгүртүүсүн жаш муунга арнаган. “Анткени азыркы замандагы улуттук аң-сезим маселесин жана андагы өзүнүн ордун так ушул жаштар аныктап алуусу абзел”, - деп эсептейт Н.Эген. Тасмада коомдун ар кандай кесиптеги кызыктуу, көп кырдуу делген замандаштар тартылып, алардын тагдыры чагылдырылган. Режиссер муну менен Кыргызстандын учурдагы абалын көрсөтүүгө умтулган.
Фильмдин бет ачары 30-августта Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында болот. (КЕ)
Фильмдин бет ачары 30-августта Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында болот. (КЕ)