Коомдук парламент кайра түзүлдү

Коомдук параменттин мүчөсү Касымбек Райымкул уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, алар эртең биринчи отурумун өткөрүшөт.
Анда 10-октябрда өтө турган шайлоонун мыйзамдуулугу талкууланат. Касымбек Райымкул уулунун айтымында, шайлоонун жарыяланышы Конституцияга жана Конституцияны колдонууга киргизүү мыйзамына каршы келет.

Коомдук парламент 2007-жылкы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин негизделип, курамына саясий партиялардын, коомдук-саясий уюмдардын өкүлдөрү кирген. 7-апрель окуяларынан кийин коомдук парламенттин бир катар мүчөлөрү Убактылуу өкмөткө жана партиялык жумуштарга кеткендигине байланыштуу анын иши токтоп калган. Азыр кайрадан куралып жаткан коомдук парламент 50 кишиден турат. (AzK)