Бүгүн ЕККУнун полициялык кеңешчи тобу маселеси талкууланат

Бул тууралуу “Кыргызстандын эли тышкы күчтөрдү киргизүүгө каршы” жарандык кыймылы билдирет. Аталган жыйын Бишкек шаарындагы “Достук” мейманканасында өтмөкчү. Жыйындын максаты – ЕККУнун полициялык кеңешчи тобунун миссиясын жана бул уюмдун дүйнөнүн башка жерлериндеги ушул сыяктуу тажрыйбаларын талкуулоо болмокчу.

Талкуу учурунда ЕККУнун полициялык кеңешчи тобун киргизүүгө макул болгондор өз жүйөлөрүн айтса, каршы болгондор өздөрүнүн аргументтерин айтышат.

Талкууга байкоочу катары Европа биримдигинен Флоранс Мартиросян жене Елена Вазгуез катышмакчы. Полициялык кеңешчи топту киргизүүгө “каршы” деген позицияда саясий жана коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкулов, Мыктыбек Абдылдаев жана Ички иштер министринин биринчи орун басары Мелис Турганбаевдер сөз сүйлөөрү күтүлүүдө. Ал эми “макул” болгондор тарабында Тышкы иштер министринин кеңешчиси Авазбек Атаханов, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова, Ички иштер министрлигинин Илимий изилдөө борборунун жетекчиси Шамшыбек Мамыров жана ЕККУнун өкүлү бар. (IJz)