К.Абдраманов: Кардиохирургиялык кызмат өркүндөтүүгө муктаж

Бул тууралуу жүрөктү жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директору Кадырбек Абдраманов кабарлады. Анын айтымында, учурда ар кандай себептерден улам операцияларды жасоо токтотулган.

“Инфекциядан оордоп кетүүлөрдүн көпчүлүгү абаны тазалоонун түздөн-түз шайкеш келбей калган учурлары жана температуралык режим менен байланыштуу. Мына ушул себептен жайкы мезгилде пландуу түрдө операциялар токтотулат”, - деди К.Абдыраманов.

Ал операция кылуучу жана реанимациялык бөлүмдө азыркы шартка ыңгайлашкан үзгүлтүксүз айланып туруучу атайын жабдыктар зарыл экенин белгилөөдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)