АКШ Кубага барууга киргизилген чектөөнү жумшартууну караштырууда

Маалыматтарга караганда, АКШнын администрациясы мындай маселени акыркы 50 жыл ичинде биринчи ирет караштырып жатат. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, мындай кадамдын АКШнын Кубага карата соода эмбаргосуна таасири тийбейт. Бирок студенттер, мугалимдер, изилдөөчүлөргө ал жакка барууга мүмкүнчүлүк ачылат. Президент Барак Обама былтыр АКШдагы кубалыктардын Кубага баруусуна жана туугандарына акча жөнөтүүсүнө коюлган чектөөлөрдү жумшарткан. Ак үйдүн ишениминде, мындай кадамдар Кубанын президенти Рауль Кастрону реформа жүрүгүзүүгө шыктандыруусу мүмкүн жана коммунисттик мамлекеттин изоляцияланышын азайтат.