Эки өлкөнүн аскер күчтөрүнүн кеңейтилген өлчөмдө биргелешкен согуштук көнүгүүлөрү Түндүк Кореянын агрессиялык аракеттерине жол бербөө максатын көздөйт. АКШнын аскер күчтөрүнүн маалымат катчысы Сеулда туруп дүйшөмбүдөн башталчу он күндүк машыгууга америкалык 30 миңге чукул аскер катышаарын, ага кошумча АКШда жайгашкан аскерлер компьютер аркылуу кошулаарын айтты. Ал эми Түштүк Корея тараптан 56 миң аскер тартылат. Бул жолку машыгуулар март айындагы Түштүк кореялык согуштук кемени сууга чөктүрүп жибергенден кийин болуп жатат. Буга Түштүк кореялыктар Түндүк Кореяны күнөөлөсө, Пхеньян аны мойнуна албай келет.