Москвада акыркы жумаларда биринчи жолу жаан нөшөрлөп куйду

Жамгыр бир нече жумадан бери элдин шайын оодарган ысыктын табын кайтарып, түтүндөн кыйналган элге жеңилдик алып келди. Катуу кургакчылыктан улам бир нече жумадан бери Россиянын токойлорун өрт каптап, эгин талааларынын төрттөн бири зыян тартты.

Өрт өчүрүүчүлөр Төмөнкү Новгород облусунун Саров шаарчасындагы атомдук изилдөөлөр борборуна чукул токойдогу өрт менен күрөшүүдө.

Украинанын Чернобыль АЭСине жакын бөлүгүндө да өрт чыкты. Өрт АЭСтин айланасындагы кыртыштагы радиоактивдүү заттарды жер бетине чыгарат деген кооптонууларды пайда кылды.

Бирок Финляндия Россиядагы өрттүн түтүнү таасир эткен аймактарды радиактивдүүлүктүн деңгээли нормада экенин маалымдады.