Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өсүүдө

“Электрстанциялар” ишканасынын басма сөз кызматынын ушул күнгө карата берген маалыматы боюнча, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19 миллард 225 миллион куб метрге жетти. Суунун агып кирүүсү 1249 куб метр болсо, агып чыгуусу 290 куб метрди түзүүдө. Маалыматка ылайык, бул акыркы төрт жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч болууда. Өткөн жылы ушул убакта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд. 800 миллионго чукул куб метрди түзгөн. Ал эми эң төмөн көрсөткүч 2008-жылы катталып, суунун агып кирүүсү 513, агып чыгуусу 347 куб метрди түзгөн. (КЕ)