Лидер кармалды, нааразылар таратылды

5-августта Бишкек шаарында күндүзү 1300 милиция кызматкери, түнкүсүн 1300 милиция кызматкери күчөтүлгөн режимде иштеп, аларга 10 миң чакты элдик кошуундардын мүчөлөрү көмөк кылышты.

Бишкекте курултай өткөрүүнү пландаган Урмат Барктабасовдун Балыкчыдан келаткан тарапкерлери Бишкекке кире бериш жерде, Канттын Ново-Покровка айылындагы “Киргшелк” бекетинде токтотулду.

Балыкчы шаарынан Бишкекти көздөй саат 10до 56 жеңил унаа, 19 кичи автобус менен Бишкекти көздөй “Мекен туу” партиясынын негиздөөчүсү Урматбек Барктабасовдун тарапкерлери чыгышкан.

Бишкекке келаткан жол толук буулуп, аскер техникалары тартылып, атайын бөлүктөрдүн аскерлери, милиция кызматкерлери даяр турушту.

Башынан жаракат алган бала.

Балыкчыдан келаткан У.Барктабасовдун тарапкерлерин кууп таркатууда бир жеңил унаадан көптөгөн ок-дарылар, Ф-1 маркасындагы граната табылды.

Балыкчыдан келаткан У.Барктабасовдун тарапкерлерин кууп таркатууда бир жеңил унаадан көптөгөн ок-дарылар, Ф-1 маркасындагы граната табылды.

Президент Роза Отунбаева кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоп, анда “Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов бийликти күч менен тартып алууга аракет жасаганын билдирди.