Этностор аралык ынтымакты жана достук мамилелерди арттыруу багытында Сузак районундагы Ырыс айыл-өкмөтүнүн аймагында минифутбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, ага кыргыздын 4 командасы, өзбектин 6 командасы катышып, спорттук мелдеш жылуу маанайда өттү. Кечээ таймаштын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар берилди. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин туулуп өскөн Тейит айылы, ушул Ырыс айыл өкмөтүнө карайт. (AJ)