30тан ашык миллиардер байлыгынын аз дегенде жарымын соопчулук максаттарга жумшоого убада кылышты. Инвестор Уоррен Баффет менен "Майкрософт" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин «Соопчулук убадасы» деп аталган өнөктүгүнө кошулгандардын арасынан Нью-Йорктун акими Майкл Блумберг, "Оракл" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ларри Эллисон, медиа дөө-шаасы Тед Турнердин ысымдары аталды. АКШда жүздөгөн миллиардер бар.