“Сенин окуяңды дүйнө билсин!” аттуу конкурс жарыяланды

“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору “Сенин окуяңды дүйнө билсин!” аттуу жарандык журналистика чөйрөсүндө конкурс жарыялады. Конкурска бардык жарандар катыша алат.

Жарыяда айтылгандай, апрель жана июндагы окуялардан кийин жардамга муктаждардын саны өсүп кеткен. Буга байланыштуу ар бир каалоочу ыдык көргөн, кордук көргөн адамдын, аялдын же жаш баланын окуясын видеосюжет, аудиосюжет, текст же сүрөт баян түрүндө маалымат каражаттары аркылуу айтып берсе же муктаж адамдарга жардам берген учурлар тууралуу баяндаса болот. Конкурска twitter сыяктуу блогдорго жазылган тексттер, сүрөт баяндар ж.б. да кабыл алынат. Конкурска материалдар 1-декабрга чейин кабыл алынмакчы. (IJz)