Июнь окуясын иликтеген Улуттук комиссия Ошто иликтөө жүргүзүүдө

Аталган комиссиянын мүчөлөрү укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана кыргыз-өзбек тектүү атуулдар менен жолугушуп, июндагы кандуу окуянын чыгыш себептерин иликтешүүдө. Алар кечээ Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Кызыл-Кыштак жана Мады айыл өкмөттөрүндө болушту.

15-июлда президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуянын чыгыш себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссия түзүлүп, анын төрагалыгына коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев дайындалган. Улуттук комиссиянын курамы 36 адамдан куралып, ага белгилүү этнолог, тарых адистери, күч структуралардын жана окумуштуулардын өкүлдөрү кирген.

Комиссия 2010-жылдын 10-сентябрына чейин түштүктөгү окуя боюнча тиешелүү жыйынтыкты президенттин кароосуна бериши керек. (AJ)