Президент Роза Отунбаева кечээ Баткен облусуна болгон иш-сапарынын алкагында Кадамджай районунун Какыр айылында жаңы салынган мектептин ачылыш аземине катышты. Өз сөзүндө президент көп этностор жашаган айылдын тургундарына ыраазычылык билдирип, өз ара түшүнүшүү жана ынтымак өнүгүүнүн ачкычы экендигин айтты. Жаңы ачылган мектепке президенттин атынан 12 компьютер берилди.
Мектеп 320 окуучуга ылайыкталган. Окуу тили окуучуларга жараша кыргызча, өзбекче жана тажикче болмокчу. Аталган мектепке Жусуп Баласагындын аты берилген. Мектепти курууга Мусулман жаштары ассамблеясынын жетекчиси Саид Баюми демөөрчүлүк кылып 6 миллион сом бөлгөн. Жергиликтүү бийликтин бюджетинен 1 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. (IJz)