Венесуэланын президенти Гуго Чавес жакын арада Грузиянын амирин тааныбаган Абхазияга кеме жөнөтүлөрүн айтып, өзү чукул ортодо Сухумиге визит менен барарын билдирди. Чавес мындай билдирүүнү Абхазиянын президенти Сергей Вагапш Каракастагы ырасмий сапарын аяктап жатканда жасады. Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин Венесуэладан башка да Россия, Никарагуа, Тынч океандын түштүгүндөгү арал мамлекет - Наури тааныган. Абхазия жана Түштүк Осетия 2008-жылкы Грузия-Россия согушунан кийин өздөрүн Грузиядан күнкорсуз өлкөбүз деп жарыялашкан.