Акыйкатчы түштүктөгү окуяларга баа берет

Кыргызстандын акыйкатчысынын демилгеси менен 27-июнда Кыргызстандын түштүгүндөгү абал боюнча тегерек стол уюштурулат. Анда акыйкатчы Турсунбек Акун Ош, Жалал-Абадда болгон коогалаңга баа берет. Иш-чарага БУУ, ЕККУ, ПРООН өңдүү бир катар эл аралык уюмдардын, президенттин администрациясынын, өкмөттүн, жарандык коомдун, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана саясатчы, талдоочулар катышат. Бул туурасында Акыйкатчынын маалымат кызматы билдирди. (AzK)