Жаңылыктар Йеменде 20дай адам окко учту 23-Июль, 2010 Өлкөнүн түштүгүндө өкмөттүк армиянын солдаттары шийит козголоңчуларынын буктурмасына кабылып, айыгышкан атышуулар тутанды. Быйыл февралда тараптар элдешкенине карабастан куралдуу кагылыштар тыйыла элек. Соңку күндөрдө эле элүүдөй киши набыт болду.