Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Ал эми президент Роза Отунбаева болсо буга чейин Оштогу иш сапарында коогалаңда каза болгондордун саны мындан кыйла көп болушу мүмкүндүгүн айткан.
Аталган министрликтин 20-июлдагы маалыматына караганда, Ош, Жалал-Абад облустарында июндагы кагылышуудан 2325 адам медициналык жардамга кайрылышып, алардын 1081и ооруканада дарыланышкан. 1243 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда оор жаракат алгандардын 30у ооруканаларда дарыланууда. (AJ)