Борбор Азиядагы цирктердин жетекчилери жыйын өткөрөт

22-июлда Алматы шаарында Борбор Азиядагы цирктердин башкы директорлору катышкан эки күндүк жыйын өтөт. Ага Кыргызстандан мамлекеттик цирктин башкы директору Курмангазы Исанаев катышмакчы. Бул жыйында алдыдагы цирк сезонунун ачылышына карата атайын маршруттук план түзүлүп, өлкөлөр аралык цирк программалары аныкталмакчы. Бул тууралуу Маданият министрлигинин маалымат кызматы билдирет. (IJz)